Akchabarsearch
Айыл чарба тармагын колдоого 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Жарыяланган

2026-13-03, 12:48

Айыл чарба тармагын колдоого 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

“Айыл Банк” айыл чарба тармагын колдоо үчүн 2 млрд сомдон ашык каражат бөлдү. Каражат мамлекеттик программалардын алкагында фермерлерге жеңилдетилген насыя катары берилүүдө жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталууда. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Учурда алардын бири — “Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоору. Программанын жалпы бюджети 1 млрд 224 млн сомду түзөт. Долбоордун алкагында өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенгендер 1 млн сомго чейин, ал эми сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн 3 млн сомго чейин насыя ала алышат.

Ошондой эле “Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбоору да ишке ашырылып жатат. Анын бюджети 227.6 млн сомду түзөт. Бул программа аркылуу фермерлерге 5 млн сомго чейин, ал эми агрегациялык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттерге 300 млн сомго чейин каржылык колдоо каралган.

Мындан тышкары, мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган “Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбоору иштеп жатат. Анын жалпы бюджети 616 млн сомду түзөт. Долбоордун алкагында асыл тукум заводдор менен фермаларга жана импорттоочуларга 20 млн сомго чейин, жасалма уруктандыруу боюнча техниктерге 2 млн сомго чейин каржылык колдоо берилет. 

Ошондой эле фермерлер жана жеке ишкерлер асыл тукум уй жана кунаажын сатып алуу үчүн 20 млн сомго чейин насыя ала алышат.

 


Тектеш материалды окуу

  • Айыл чарба тармагын колдоого 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

    “Айыл Банк” айыл чарба тармагын колдоо үчүн 2 млрд сомдон ашык каражат бөлдү. Каражат мамлекеттик программалардын алкагында фермерлерге жеңилдетилген насыя катары берилүүдө жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталууда. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.
    2026-13-03 06:48:26