Жарыяланган
2025-05-09, 15:32Жаратылыш министрлиги ак илбирсти өлкөнүн расмий улуттук символу катары бекитүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул кадам өлкө президентинин 2023-жылдын декабрында кол койгон жарлыгын ишке ашырууга багытталган.
Бул демилге Кыргызстандын жаратылышынын жана маданиятынын өзгөчө белгиси болгон ак илбирсти коргоо иштерин күчөтүү, эл аралык деңгээлде өлкөнүн аброюн көтөрүү жана экологиялык туризмди өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоор алкагында:
• ак илбирсти улуттук символ катары мыйзамдуу түрдө бекитүү,
• расмий логотип жана символикаларды колдонуу тартибин иштеп чыгуу,
• эл арасында маалыматтык кампанияларды өткөрүү,
• коргоо чараларын кеңейтүү,
• эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты күчөтүү,
• илбирс образын туризм жана маданий иш-чараларда колдонуу каралган.
Мындай аракеттер ак илбирсти сактоо менен катар жаратылышты коргоо боюнча эл аралык деңгээлде Кыргызстандын позитивдүү образын түзүүгө багытталат.
Министрликтин маалыматына караганда, токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, ага каршы пикирлер түшкөн эмес. Документти кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылбайт.