Akchabarsearch

Жарыяланган

2026-05-08, 17:19

Акылбек Жапаров: Кыргызстан мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу үчүн тез аракет кылышы керек

Дүйнөлүк соодадагы өзгөрүүлөр Кыргызстан жана жалпы Борбор Азия үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү өзгөрүүлөрдү алдын ала байкап, тез чечим кабыл ала алган өлкөлөр гана пайдалана алат. Бул тууралуу экс-министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө өткөн «Примаков окуулары» аттуу көчмө сессияда билдирди.

Анын айтымында, азыркы экономикада ылдамдык өлкөлөрдүн атаандаштык артыкчылыгына айланды.

«Мурда чоң балык кичине балыкты жечү болсо, бүгүн ылдам балык жай балыкты жеңет», — деди Жапаров.

Ал Кыргызстан үчүн чечимдерди тез кабыл алуу жана аларды ишке ашыруу маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, өлкөнүн аймагы, жаратылыш ресурстары же калктын саны гана ийгиликке кепилдик бербейт. Негизгиси — өзгөрүүлөрдү убагында байкап, мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана билүү.

Жапаров мисал катары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу, Камбар-Ата-1 ГЭСи жана башка ири транспорттук-энергетикалык долбоорлорду атады. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тушунда мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууда чечим кабыл алуудан баштап, ишти баштоого чейинки убакыт кыйла кыскарган.

Ошол эле учурда тез аракет кылуу менен бирге чечимдер эксперттердин пикирине жана илимий анализдерге негизделиши керектигин белгиледи. Анын айтымында, мамлекет экономикалык өзгөрүүлөрдү жана мүмкүн болгон кризистерди алдын ала баалап, чараларды эртерээк көрүшү зарыл.

Акылбек Жапаров дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр, соода байланыштарынын өзгөрүшү тууралуу адистер буга чейин эскертип келгенин, бирок алардын айрым сунуштары убагында толук эске алынбаганын айтты.

Анын пикиринде, илимпоздор менен эксперттер мамлекетке болуп өткөн окуяларды түшүндүрүү үчүн гана эмес, келечектеги мүмкүнчүлүктөрдү жана коркунучтарды алдын ала аныктоо үчүн керек.

Жапаровдун айтымында, учурда товарлардын жана капиталдын кыймылынын багыты өзгөрүп, Кытай, Россия, Борбор Азия жана башка аймактардын ортосундагы экономикалык байланыштардын мааниси өсүүдө.

Бирок жаңы жолдорду куруу гана жетиштүү эмес. Транспорттук долбоорлор менен катар бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, төлөм механизмдерин жакшыртуу, резервдик каттамдарды түзүү жана маалымат алмашууну тездетүү зарыл.

Акылбек Жапаров өлкөлөр тышкы өзгөрүүлөргө туруштук берүү үчүн биргелешип иш алып барышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, өз ара кызматташтык экономикалык туруктуулукту күчөтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.


Тектеш материалды окуу