Akchabarsearch
Акыркы 7 айда 746.7 тонна балык экспорттолду
Сүрөт алынган жер: Айыл чарба министрлиги

Жарыяланган

2026-11-08, 16:25

Акыркы 7 айда 746.7 тонна балык экспорттолду

Быйылкы жылдын 7 айында Кыргызстандан 746.7 тонна балык экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ал эми 2025-жылы өлкөдөн жалпы 857.6 тонна балык продукциясы экспорттолгон. Демек быйыл 7 айда эле былтыркы жылдагы көлөмдүн 87%ы экспорттолгон.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын балык продукциясы негизинен Россия жана Казакстанга экспорттолууда.

Учурда өлкөдө балык продукциясын экспорттоо менен 9 ишкана алектенет. Алардын продукциясы белгиленген ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптарга ылайык экспорттук рынокторго чыгарылууда.

 


Тектеш материалды окуу

Акыркы 7 айда 746.7 тонна балык экспорттолду Акчабарда