
Жарыяланган
2025-13-10, 14:19Акыркы жылдары АКШдан Кыргызстанга келгендердин саны кеткендерге караганда көбөйгөнү байкалууда.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы өлкөгө АКШдан 134 адам келсе, 62 гана адам кеткен. Ушундай эле тенденция мурунку жылдары да байкалган.
2020-жылды эске албаганда, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы миграциялык сальдо оң бойдон калууда.



