Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-10-09, 10:35

«Манас» аэропортунун акциялары 6,25% арзандады

Бир күн мурун, 9-сентябрда Кыргыз фондулук биржасында өлкөнүн башкы аба портунун акциялары менен бүтүм катталды.

Тактап айтканда, биржанын экинчилик рыногунда 1 миң жөнөкөй акцияны сатуу боюнча эки бүтүм ишке ашырылган. Аукцион 750 сомдук баа менен ачылды. Бул 6-сентябрдагы сооданын жыйынтыгы боюнча акциянын баасынан 6,25% төмөн.

Жалпысынан эки транзакциянын алкагында "Манастын" акционерлери 750 миң сом пайда алышкан.


Тектеш материалды окуу