Жарыяланган
2025-20-08, 17:23Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында «Дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн аял-лидер» аттуу форум башталды. Иш-чарага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева катышып жатат.
Форумдун максаты — аял-лидерлерди колдоо жана эки өлкө ортосунда тажрыйба алмашуу. Ага 200гө жакын аялдар: ишкерлер, жетекчилер, спортчулар, активисттер жана маданият өкүлдөрү катышууда.
Айгүл Жапарова бул жолугушуу кыргыз-өзбек чек арасы толук чечилип, эки элдин достугу бекемделген маанилүү учурда өтүп жатканын белгиледи. Ал Борбор Азия тарыхындагы аялдардын, өзгөчө Курманжан Датканын салымын эске салып, азыркы аялдар саясатта, бизнес, илим жана спортто ийгиликке жетип, стереотиптерди жеңгенин айтты.
«Аялдар ар бир көйгөйдү адамзаттын жарык келечегин куруу мүмкүнчүлүгүнө айланта алат», — деди Жапарова.
Саида Мирзиёева Өзбекстандагы аялдардын укуктары жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы Өзбекстан Борбор Азияда биринчи болуп мыйзам кабыл алганын айтты. Анын айтымында, өзбек парламентинде аялдар 38%ды түзөт, ал эми аялдар үчүн магистратура акысыз. Бир жыл ичинде 15 миң кыз мамлекеттен билим алуу үчүн грант алышкан.
Форум мындан ары панелдик талкуулар менен уланат. Анда катышуучулар лидерлик, билим берүү жана аялдардын коомду өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу сүйлөшөт.