Akchabarsearch
Ала-Букада 18 млн сомго экспорттук логистикалык мал чарба борбору салынды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-01-09, 13:41

Ала-Букада 18 млн сомго экспорттук логистикалык мал чарба борбору салынды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда “Бай-Талаа” экспорттук логистикалык мал чарба борборунун курулушу аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Борбордун курулушу 20-августта башталган. Бүгүнкү күнү 98% аяктап, пайдаланууга берилгени турат.

Тактап айтсак ал Ала-Бука айыл аймагындагы Баймак айылынын “Андагүл” участкасында жайгашкан.

“Кыргыз Эко Экспорт” ишканасынын буйрутмасы менен “Арх Курулуш” ишканасы куруп жаткан бул объект 3 миң баш малга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 50 000 м² түзөт. Ал эми, комплекс жеке инвестициянын эсебинен 18 млн сомго каржыланган.

Объект толугу менен ишке берилгенден кийин, жергиликтүү тургундар үчүн 1 миң 200 жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.

Учурда кошумча иштер - автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери аткарылууда.
 


 

 


Тектеш материалды окуу