Akchabarsearch
Аламүдүн райондук сотунун судьясы 26 миң доллар пара алууга шектелүүдө

Жарыяланган

2026-07-04, 16:02

Аламүдүн райондук сотунун судьясы 26 миң доллар пара алууга шектелүүдө

Бишкек шаарынын Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, судья өз кызматынан пайдаланып, жаран Т.М.Т.га камакка алуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, андан 26 миң доллар алган. Бирок кийин ал убадасын аткара алган эмес.

Кийинчерээк акчанын бир бөлүгүн — 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда, ал кылмыш үстүндө кармалган.

3-апрелде Судьялар кеңеши аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Ал эми 6-апрелде сот аны камакка алуу чечимин чыгарып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул иш боюнча иликтөө уланууда. Сот системасына тиешеси бар башка адамдар да текшерилип жатат.

 


Тектеш материалды окуу