Akchabarsearch
“Альфа Телеком” ЖАК (MEGA соода белгиси) башкы директордун дайындалышы тууралуу билдирет

Жарыяланган

2026-18-02, 17:12

“Альфа Телеком” ЖАК (MEGA соода белгиси) башкы директордун дайындалышы тууралуу билдирет

“Альфа Телеком” ЖАКтын (MEGA соода белгиси) акционерлеринин жалпы чогулушунун чечими менен Курманбеков Медербек Темирбекович 2026-жылдын 18-февралынан тартып Компаниянын башкы директору болуп дайындалды.

Медербек Курманбеков байланыш жана телекоммуникациялык технологиялар, экономика жана финансы, ошондой эле мамлекеттик башкаруу жаатындагы кесипкөй адис. Анын жалпы эмгек стажы 20 жылдан ашык.

2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин “Экономика” адистиги боюнча аяктаган.

Өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн 2006-жылы “БиМоКом” (MegaCom) ЖЧКсында баштап, 2012-жылга чейин финансы, пландаштыруу жана аудит тармактарында ар кандай кызматтарды ээлеп, ошондой эле бюджетти көзөмөлдөө бөлүмүн жетектеген.

Кийинчерээк ал Кыргыз Республикасынын Байланыш операторлору ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары, андан кийин аткаруучу директору болуп шайланган.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалган.

2022-жылы Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп дайындалган.

2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын августуна чейин “Альфа Телеком” ЖАКтын (MEGA) башкы директорунун биринчи орун басары болуп иштеген.

2024-жылдын августунан 2026-жылдын февралына чейин ал “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын экономика, финансы жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору жана башкаруу кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенген.

Медербек Курманбеков өзүн жогорку деңгээлдеги адис, натыйжалуу башкаруучу жана телекоммуникация жана санариптик өнүктүрүү жаатындагы стратегиялык максаттарды ишке ашырууга жөндөмдүү, жоопкерчиликтүү жетекчи катары көрсөттү. 

Бул дайындоо компаниянын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга, анын рыноктогу ордун бекемдөөгө, ошондой эле абоненттердин жана мамлекеттин кызыкчылыгында ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын андан ары ишке ашырууга багытталган.
 


Тектеш материалды окуу