Akchabarsearch
Алиев Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун мындан ары дагы колдоого даяр экенин айтты

Жарыяланган

2025-08-12, 11:32

Алиев Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун мындан ары дагы колдоого даяр экенин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Алгачкы долбоорлорун каржылай баштаган Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши талкууланды. 

Президент Ильхам Алиев азербайжан тараптын Кыргызстанда фонддун каражаттары менен ишке ашырылып жаткан келечектүү долбоорлорду мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорт жана логистика, өз ара инвестиция, билим берүү, гуманитардык алмашуу жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.


Тектеш материалды окуу