
Жарыяланган
2025-24-10, 14:29Экономика министрлиги 2026-2029-жылдарда алкоголдук продукцияларга карата акциздик салыкты акырындык менен жогорулатуу тууралуу токтом долбоорун сунуштап жатат.
Ошондой эле, долбоордо курамында кант бар балдардын ичимдиктерин акциздик салыктан жана акциздик марка менен маркалоодон бошотууну алып салуу каралган.
Сунушталган акциздин өзгөрүшү:
Спирт, арак, ликер жана күчтүү ичимдиктерге акциз 2025-жылы литрине 160 сомдон 2026-жылы 200 сомго чейин көтөрүлүп, андан кийин жыл сайын 20 сомго өсүп, 2029-жылы 260 сомго жетет.
Шарапка акциз быйыл 20 сомго, 2026-жылы 25 сомго чейин жогорулап, жыл сайын 5 сомдон көбөйүп, 2029-жылы 40 сомго жетет.
Көбүктүү шараптар менен шампанга акциз 2025-жылы 45 сомго, 2026-жылы 50 сомго чейин өсүп, 2028-жылга чейин жыл сайын 5 сомдон көбөйүп, ал эми 2029-жылы 70 сом болуп белгиленет.
Коньякка акциз быйыл 100 сомго, кийинки жылы 140 сомго чейин жогорулап, андан ары жыл сайын көбөйүп отуруп, 2029-жылы 200 сомго жетет.
Сырага 2025-жылы 17 сом, 2026-жылы 20 сомго чейин жогорулап, 2027-жылы 25 сомго жетип, 2028-жылдан тартып 30 сом болуп белгиленет.
Бул чаралар зыяндуу ичимдиктерди керектөөнү кыскартууга жана Кыргызстандын салык саясатын эл аралык стандарттарга жакындатууга багытталган.
