Akchabarsearch
Алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкалары жогорулайт

Жарыяланган

2026-12-01, 16:48

Алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкалары жогорулайт

2026-жылдан тарта алкоголдук продукцияга карата колдонулуп жаткан акциз салыгынын ставкалары жогорулайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы токтомуна ылайык, 2029-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкаларын этап-этабы менен жогорулатуу каралган.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январынан тартып аракка карата акциз салыгынын ставкасы литрине 200 сомду түзөт.


Тектеш материалды окуу