
Жарыяланган
2026-23-02, 10:46Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.
Белгилей кетсек, Алмасбек Абытов президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.
