Akchabarsearch
Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Жарыяланган

2025-29-12, 10:22

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлык Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн чыгарылган.

Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамынан, II даражадагы “Манас” орденинен, “Данакер” орденинен жана “Даңк” медалынан ажыратылды. 

Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы мамлекеттик сыйлыктарды жана аларга таандык документтерди алып коюу боюнча чаралар жүктөлдү. 

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.


Тектеш материалды окуу