Akchabarsearch
“Альянс Алтын” тогуз айда бюджетке 19.5 млрд сом которду

Жарыяланган

2026-22-10, 09:47

“Альянс Алтын” тогуз айда бюджетке 19.5 млрд сом которду

 2026-жылдын тогуз айында Жерүй кенин иштеткен ”Альянс Алтын“ компаниясы Кыргызстандын бюджетине салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 19.5 млрд сом которду. Бул тууралуу аталган компания билдирди.

Маалыматка караганда, ишкана 2015-жылдан бери мамлекеттик бюджетке жалпысынан 59.42 млрд сом төлөгөн.

Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен бери Талас облусун өнүктүрүүгө компаниянын кирешесинин 2%ы бөлүнүп, бул багытта 3.51 млрд сом которулган.

Учурда Жерүй кенинде 973 адам эмгектенет. Алардын 679у — Талас облусунун, анын ичинде 290у Шумкар-Уянын тургундары. 


Тектеш материалды окуу