
Жарыяланган
2026-18-05, 12:10Кыргызстан күйүүчү май боюнча 100% көз карандысыз боло алат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев билдирди.
Анын айтымында, учурда “Джунда” мунайды кайра иштетүүчү заводу жаңыланууда. Модернизация бүткөндөн кийин завод жылына 800 миң тоннага чейин мунай иштете алат.
Мындан тышкары, Кочкор-Атадагы “Кыргызнефтегаз” ишканасы да модернизацияланууда. Бул долбоорго бюджеттен 450 млн доллар түз насыя берилген.
Кыргызстан азыр жылына орто эсеп менен 1.2 млн тонна күйүүчү майды сырттан импорттойт.
Амангельдиевдин айтымында, бул долбоорлор толук ишке ашса, өлкө ички мунай продукциясына болгон муктаждыкты толук жаба алат.

