
Жарыяланган
2026-30-03, 15:14Ысык-Көлдө күндүн жылышы менен эгин себүү иштери башталды. Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын тургуну, дыйкан Жеңишбек Асангазиев арпа айдоого канча каражат кетерин “Акчабарга” айтып берди.
Анын айтымында, 1 гектар жерге арпа себүү үчүн дың жерди айдатууга 5 миң сом, ал эми мурда айдалып жүргөн жерге 4 миң сом кетет. Андан кийин жерди тырматып, малалоо иштерине 3.5–4 миң сом сарпталат. Арпаны себүүгө дагы 2 миң сом керектелет. Бул чыгымдардын бардыгы техникага майы кошо эсептелген. Мунун баарына 10-11 миң сом кетет.
Учурда дыйкан “донецкий” сортундагы арпаны себип жатат. Анын бир килограммы 30 сом турат. 1 гектар жерге орто эсеп менен 6 кап үрөн керек болот. Ошондо 1 гектар жерге 8 миң сомго үрөн алыш керек.
Жалпысынан 1 гектар жерге арпа айдатууга болжол менен 18-19 миң сом талап кылынат. Бирок дыйкан мурда арпа эгип, үрөнү өзүнөн чыккандыктан, быйыл 10 миң сом гана кетирди.
Асангазиев арпа айдатуунун, негизи эле жер иштетүүнүн башкы машакаты суунун тартыштыгы болуп жатканын белгилейт. Суу келген бетон арыктардын эскилиги жеткендиктен же такыр жок болгондуктан, суу кеч келет. Мунун айынан жайында дан күйүп кетиши да ыктымал.
Ал дыйкандар эгинин жок дегенде бир жолу сугарып алганына сүйүнө тургандай болуп калды дейт.
