
Жарыяланган
2026-13-02, 13:20«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коому авиация тармагын коргоо багытындагы күч-аракеттерин бириктиришти. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропортторунун» басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документке «Кыргызстан аэропортторунун» башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун» башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков кол коюшту.
Макулдашуу милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында мүлктү, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, жарандык жоопкерчиликти, өмүрдү жана ден соолукту камсыздандыруу, ошондой эле ташууларга жана авиациялык инфраструктура объекттерин пайдаланууга байланыштуу тобокелдиктерди камсыздандыруу каралган.


