Akchabarsearch
Азиз балдардын атайын мектеп-интернатына 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү

Жарыяланган

2026-22-01, 17:47

Азиз балдардын атайын мектеп-интернатына 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү

Бишкек шаарында жайгашкан көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына Брайл системасы боюнча жазган Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинка тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү жабдуулардын 20 даана сатып алууга министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү. 

Анын ичинен 10 машинка Бишкек шаарындагы бул мектеп-интернатына, ал эми калган 10 машинка Ош шаарындагы көрүүсү начар жана азиз балдардын атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына берилет.

Perkins Brailler Classic машинкалары окуу процессин уюштурууда маанилүү жана натыйжалуу курал болуп саналат. 


Тектеш материалды окуу