Akchabarsearch
Барскоон–Бедел жолунда тоннель казуу иштери уланууда

Жарыяланган

2026-25-03, 16:37

Барскоон–Бедел жолунда тоннель казуу иштери уланууда

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан Барскоон–Бедел автожолунун курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда изилдөө иштери толугу менен аяктап, долбоорлоо соңку баскычка жетип, мамлекеттик органдар менен макулдашуу жүрүүдө.

Долбоор алкагында эки тоннелде курулуш иштери башталган. Биринчи тоннелде 15 метр казуу жүргүзүлсө, экинчисинде негизги жана кошумча өтмөктөрдө 13 метрге жакын казуу иштери аткарылды.

Жалпы узундугу 150 чакырымга жакын болгон жол Барскоон айылын Кытай менен чек арадагы Бедел өткөрмө пункту менен байланыштырмакчы. Долбоордо ошондой эле ондогон көпүрөлөрдү жана коргоочу курулмаларды куруу каралган.


Тектеш материалды окуу