Жарыяланган
2025-16-09, 17:38Быйыл, сегиз айда Баткен облусуна республикалык бюджеттен 366.1 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен: Теңдөөчү трансфертге – 221.7 млн сом, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7 млн сом, электр энергияга 50% компенсация – 54.4 млн сом, калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 39.9 млн сом, муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого- 29.2 млн сом каржыланган.
Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 13.9 млн сом бөлүнүп берилген.