Жарыяланган
2025-26-06, 10:06Баткендин Кадамжай районунда көмүр казган «Беш-Арча» компаниясы өндүрүш иштери үчүн суу колдонуп, бирок ал үчүн бюджетке акча төлөбөгөнү аныкталган.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын текшерүүсүндө аныкталгандай, 2023-жылдан тарта 2025-жылдын майына чейин компания 10 миң 499 куб метр сууну иштеткен. Компания колдонгон суулар деңиз деңгээлинен 2.7 миң метр бийиктикте жайгашкандыктан, өкмөттүн токтомуна ылайык, ар бир литрине 100 сомдон төлөшү керек болгон.
Натыйжада компания бюджетке төлөбөгөн 1 млн 49.9 миң сом өндүрүп алынган.
«Беш-Арча» компаниясы жер-суу мыйзамдарын так сактоо керектүү эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.