
Жарыяланган
2025-08-04, 12:06Мамлекеттик бажы кызматы быйыл үч айда 31,1 млрд сом чогултту. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, киреше планы 100,9%га аткарылган же 286,9 млн сомго көп бажы төлөм жыйналган.
Эскерте кетсек, Бажы кызматы былтыркы жылы жалпы 123 млрд 85,6 млн сом чогулткан.

