Akchabarsearch
Beeline Кыргызстан жана Россия үчүн бирдиктүү SIM-картаны ишке киргизет

Жарыяланган

2026-07-08, 16:30

Beeline Кыргызстан жана Россия үчүн бирдиктүү SIM-картаны ишке киргизет

Кыргызстанда өзүнүн финтех-экосистемасы бар виртуалдык мобилдик оператор түзүлөт. Долбоорду ишке киргизүү боюнча келишим Ысык-Көлдө өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда түзүлдү.

Долбоорду «МВНО БКГ» ЖЧКсы, Beeline Кыргызстан жана россиялык «ВымпелКом» компаниясы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырат.

Долбоордун негизги өнүмү кыргызстандык жана россиялык эки санариптик профили бар SIM-карта болот. Анын жардамы менен абоненттер SIM-картаны алмаштырбастан эки өлкөдө тең байланыш кызматтарын колдоно алышат, башка өлкөгө көчкөндө өз номерин сактап калышат жана бирдиктүү тарифке кошула алышат. Ошондой эле картага акча которууларды жана башка каржылык операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген санариптик капчык интеграцияланат.

РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков белгилегендей, долбоор биринчи кезекте Россияда иштеген кыргызстандыктарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө багытталган.

«Биздин максат — мобилдик байланышты, санариптик кызматтарды жана ыңгайлуу которууларды бир жөнөкөй системага бириктирүү. Ошондо жакындар менен байланышта болуу жана чек аранын эки тарабында каржылык маселелерди чечүү жеңил жана ыңгайлуу болот», — деди ал.

Долбоордун башкаруучу өнөктөшү Дмитрий Юмашев жаңы система мигранттарга күнүмдүк, укуктук жана кесиптик маселелерди чечүүнү жеңилдетерин кошумчалады.

Beeline Кыргызстан компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров долбоорго катышуу — чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандык жарандарды колдоого кошкон салым экенин белгиледи.

Алгач виртуалдык оператор Кыргызстанда пилоттук режимде ишке киргизилет. Кийинчерээк бул модель Тажикстан жана Өзбекстанда да жайылтылышы пландалууда. Долбоор демилгечилеринин маалыматына ылайык, аталган өлкөлөрдүн байланыш операторлору менен алдын ала келишимдерге жетишилди.


Тектеш материалды окуу

Beeline Кыргызстан жана Россия үчүн бирдиктүү SIM-картаны ишке киргизет Акчабарда