
Жарыяланган
2026-09-09, 10:50Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов жалгыз бой энелерге жумуштан бир саат эрте кетүүгө уруксат берүүнү сунуштады.
Депутаттын айтымында, жалгыз бой энелер балдарын жалгыз багып, иш менен үй-бүлөнүн ортосунда жетиштүү убакыт бөлө албай жатышат. Ошондуктан аларга жумуштан бир саат эрте чыгууга уруксат берүү балдарына көбүрөөк көңүл бурууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, Бекешов өлкөдө балдар үйлөрү болбошу керек деген пикирин билдирди. Ал ар бир бала ата-эненин камкордугунда, үй-бүлөдө чоңоюшу керектигин белгиледи.
Депутат жетим балдарды мүмкүн болушунча үй-бүлөлөргө багып алууга берүүнү сунуштады. Анын айтымында, балдар үй-бүлөлүк чөйрөдө өсүп, толук кандуу тарбия алышы керек.
