Akchabarsearch
Беш жылда Кыргызстандан АКШга IT кызматтарынын экспорту 45 эсеге көбөйдү

Жарыяланган

2025-07-11, 11:56

Беш жылда Кыргызстандан АКШга IT кызматтарынын экспорту 45 эсеге көбөйдү

Президент Садыр Жапаров IT чөйрөсү жана креативдүү экономика тез өсүп жатканын айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы Садыр Жапаровдун Вашингтон шаарында өткөн "Борбордук Азия - АКШ" (C5+1) саммитинде сүйлөгөн сөзүн жарыялады. 

Анда президент тарыхта Кыргызстан АКШга эч нерсе экспорттолбогонун билдирди.

“Акыркы беш жыл ичинде АКШга IT кызматтарынын экспорту 45 эсеге көбөйдү. Былтыр кыргыз IT адистери дүйнөнүн 63төн ашык мамлекетке кызматтарын 130 миллион долларга экспорттоп, бул багытта АКШ биринчи орунду ээледи. IT кызматтарынын 40 пайызы АКШга экспорттолду, анын ичинде Силикон өрөөнүндөгү компанияларга”, - деди мамлекет башчы.

Ошону менен катар эле ал эл аралык Чейн анализис (Chainalysis) индексине ылайык, учурда Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турарын белгиледи.

“Бул жагынан алганда, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарына санариптик жөнгө салууну, анын ичинде РегТек (RegTech) инновацияларын өнүктүрүүдө өнөктөштүктү сунуштайт. Тактап айтканда, америка тарабына Кыргызстанда РегТек инновацияларынын аймактык хабын (RegTech Trust Hub) түзүүнү сунуштайм”, - деди Садыр Жапаров.


Тектеш материалды окуу