
Жарыяланган
2026-27-02, 09:34Бүгүн, 27-февралда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышат.
Жыйын жүрүшүндө министрлер кабинетинин жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берет.
Ошондой эле, президент Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасары күтүлүүдө.
Республикалык кеңешме саат 11:00дө УТРК жана башка республикалык, облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык тармактын баракчаларында түз көрсөтүлөт.
