
Жарыяланган
2026-03-06, 16:12Быйыл 1-июнга карата Кыргызстанда кумшекердин орточо баасы 78.5 сомду түздү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматында көрсөтүлгөн.
Өлкө боюнча эң жогорку баа Баткенде катталып, кумшекер орточо 82.5 сомдон сатылууда. Андан кийин Каракол жана Талас шаарларында баа 79.5 сомду түзгөн.
Токмокто кумшекердин орточо баасы 78.5 сом болсо, Бишкек, Нарын жана Жалал-Абадда 77.5 сомдон сатылууда.
Эң төмөнкү баа Ош шаарында катталып, кумшекердин орточо баасы 74 сомду түздү.
