Akchabarsearch
Быйыл Кепилдик фонду 1.9 млрд сомдон ашык кепилдик берди

Жарыяланган

2025-28-08, 10:39

Быйыл Кепилдик фонду 1.9 млрд сомдон ашык кепилдик берди

Быйыл жыл башынан бери Кепилдик фонду 1.9 млрд сомдон ашык суммага кепилдиктерди берген. Анын жардамы менен ишкерлер 7 млрд сомдон ашык насыя алган. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Берилген кепилдиктердин 91% аймактарда иш алып барган ишкерлерге тийиштүү. 

Фонд түзүлгөндөн бери жалпы 13.2 млрд сомдон ашык суммага 12 миң 81 кепилдик берип, натыйжада бизнеске 42 млрд сомго жакын насыя алууга шарт түзүлгөн. 

Кепилдик фонду айыл чарба, кайра иштетүү, өнөр жай, ипотека жана туризм сыяктуу маанилүү тармактарды колдоого өзгөчө көңүл бурат.

 


Тектеш материалды окуу