Жарыяланган
2025-30-07, 11:09Социалдык фонд быйыл 1-октябрдан тарта пенсияны көтөрүү тууралуу токтом долбоорду коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, быйыл жарандардын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү пландалууда. Пенсия 1.10 деген коэффициент менен эсептелип көбөйтүлөт. Ошол эле учурда пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон ашпаган жарандарга кеминде 600 сомдон кошулат (бирине 600, экинчисине 2 миң сом кошулат, ал жарандын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү канча экенине жараша болот).
Ошондой эле пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон көп жарандарга 5 миң сомдон кошулат.
Пенсия көтөрүлгөндөн кийин өлкө боюнча орточо пенсия 11 миң 226 сомду түзүп калат.
Пенсионерлердин акчасын көбөйтүүгө 2 млрд 43.9 млн сом кетет деп пландалууда.
1-октябрга карата Кыргызстанда пенсионерлердин саны 818.7 миңге жетет.
Эскерте кетсек, пенсия базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнөн турат. Быйыл пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн гана көтөрүү пландалган. Жарандын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү убагында камсыздандыруу төгүмүн чегергенине жараша аз же көп болот.
Пенсиянын базалык бөлүгү учурда 3 миң 170 сомду түзөт. Бул акча өлкө бюджетинин эсебинен төлөнөт. Ал пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү үч жашоо минимумунан аз болгон пенсионерлерге берилет.