Akchabarsearch
Быйыл сегиз айда аялдардын трикотаж кийимдеринин экспорту дээрлик 80%га өстү

Жарыяланган

2025-29-10, 17:24

Быйыл сегиз айда аялдардын трикотаж кийимдеринин экспорту дээрлик 80%га өстү

Быйыл сегиз айда аялдардын трикотаж кийимдеринин экспорту дээрлик 80%га өстү. Негизги көлөмү Россияга жөнөтүлүп, ал эми импорт бир аз азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Бул убакытта Кыргызстан 1.3 миллион даана аялдардын трикотаж кийимин 8 миллион долларга экспорттогон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 79.9%га көп. Былтыр экспорттун көлөмү 727.8 миң даананы түзүп, анын наркы 4 миллион доллар болгон.

Эң көп 1.3 миң даана кийим 8 миллион долларга Росияга сатылган. Ал эми Казакстанга 255 даана кийим 2.8 миң долларга жөнөтүлгөн. Салыштырсак, былтыр Россия 726.9 миң даана кийимди 4 миллион долларга, Казакстан — 570 даана кийимди 2.6 миң долларга сатып алган.

Импорт 0.8%га азайды. 2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстанга 245 миң даана кийим 1.35 миллион долларга киргизилген. Өткөн жылы бул көрсөткүч 247 миң даана жана 1.45 миллион доллар болгон.

Негизги жеткирүүчүлөр өзгөрүүсүз калды: Россиядан 154.1 миң даана кийим 569.1 миң долларга, ал эми Казакстандан 90.9 миң даана кийим 776.7 миң долларга импорттолгон.
 


Тектеш материалды окуу