Akchabarsearch
Быйыл январда мамлекеттик карызды кайтарууга дээрлик 7.5 млрд сом сарпталды

Жарыяланган

2026-23-02, 11:31

Быйыл январда мамлекеттик карызды кайтарууга дээрлик 7.5 млрд сом сарпталды

Быйыл январда мамлекеттик карызды кайтарууга дээрлик 7.5 млрд сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат. 

Аталган акчанын ичинен 3 млрд 48.2 млн сом – тышкы карызды, 4 млрд 421.8 млн сом –ички карызды төлөөгө кеткен. 

Тышкы карыз : 

  • Карыздын негизги суммасы – 2 млрд 652.5 млн сом; 
  • Үстөк пайызы – 392.8 млн сом; 
  • Баары: 3 млрд 48.2 млн сом 

Ички карыз: 

  • Карыздын негизги суммасы – 3 млрд 280.5 млн сом; 
  • Үстөк пайызы – 1 млрд 141.3 млн сом; 
  • Баары: 4 млрд 421.8 млн сом

Тектеш материалды окуу