Akchabarsearch
Быйыл жарым жылда 7 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт аркылуу 150 миң сомдон алышты

Жарыяланган

2026-16-07, 15:59

Быйыл жарым жылда 7 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт аркылуу 150 миң сомдон алышты

Быйыл жарым жылда өлкө боюнча 7 миң 42 үй-бүлө «Социалдык контракт» программасы аркылуу өз ишин баштоо үчүн мамлекеттен кайтарымсыз 150 миң сомдон алышты.

Программа аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө туруктуу киреше булагын түзүүгө жардам берүү максатында ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында катышуучулар чакан бизнесин баштоо же кеңейтүү үчүн кайтарымсыз мамлекеттик колдоо алышат.

Министрликтин маалыматына ылайык, программанын алгачкы катышуучуларынын ичинен 15 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашкан.

Мындан тышкары, социалдык контракттын катышуучулары үчүн пайызсыз насыя программасы да иштеп жатат. Жыл башынан бери мындай мүмкүнчүлүктөн 150 адам пайдаланган.

Белгилей кетсек, бул программага быйыл 13 миң 334 үй-бүлө катыша алат.
 


Тектеш материалды окуу

Быйыл жарым жылда 7 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт аркылуу 150 миң сомдон алышты Акчабарда