Akchabarsearch
Былтыр 25 млн 546 миң баш малга ветеринардык иш-чаралар жүргүзүлгөн

Жарыяланган

2026-12-01, 14:09

Былтыр 25 млн 546 миң баш малга ветеринардык иш-чаралар жүргүзүлгөн

Былтыр 25 млн 546 миң баш малга ветеринардык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мунун ичинен 23 миллион 537 миң эмдөөлөр болсо, 12 миллион 17 миң башка диагностикалык изилдөөлөр өткөрүлгөн. Андан сырткары 738 миң башка мите курттардан арылууга эмдөө жүргүзүлгөн.

Бакыт Шарапов белгилегендей, жугуштуу оорулар тарап кетпеши үчүн мал базарларында көзөмөл күчөтүлгөн.

“Мал базарга кирген малдар да, мал союучу жайга келгендер дагы ветеринарлар тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Ар бир кардар эт алардын алдында сатуучудан ветеринардык көзөмөлдөн өткөндүгү жөнундө сертификатын сураса болот”, - деп кошумчалады Шарапов.

 


Тектеш материалды окуу