
Жарыяланган
2026-17-02, 09:20Былтыр өлкө аймагында 22 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 306 филиалы иштеп турган. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл башынан тартып банк секторунун суммардык активдери 48,5% өсүү менен 1 211,3 млрд сомду түздү.
Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 48,8%, өсүү менен 507 млрд сомду түздү.
Ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү 112% өсүү менен 19,2 млрд сомду түзгөн.
Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 46,2% өсүү менен 865,9 млрд сомду түздү.
