akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-01-05, 15:15

    Былтыр Жети-Өгүз районуна 58 миңден ашык турист келип кеткен

    Былтыр Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна 58 миңден ашык турист келип кеткен. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.  

    Министрлик Жети-Өгүзгө келген туристтердин саны жылдан жылга өсүп жатканын белгиледи.  

    "Райондо 150дөн ашык туристтик чарба бар жана тоо туризми, ат минүү, жөө саякаттоо, альпинизм сыяктуу 10дон ашык таанымал маршруттар иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта. 

    Экономика министрлиги аймакка туристтерди тартуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу маанилүү экенин кошумчалады. 

    Алдыда райондо 30 чакырымдан ашык жолду оңдоо, саркынды сууларды тазалоо системасын жаңылоо, экотуризмди өнүктүрүү, Жети-Өгүздүн маданиятын көрсөтүүчү маалымат борборлорун ачуу пландалууда.  

    "Жети-Өгүздүн жети керемети" идеясы аркылуу туризмди өнүктүрүү максатталууда. 


    Тектеш материалды окуу