Akchabarsearch
Былтыркы жылы декабрда Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 267,6 млн долларды түздү

Жарыяланган

2026-12-02, 09:20

Былтыркы жылы декабрда Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 267,6 млн долларды түздү

Былтыркы жылы декабрда Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 267,6 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 245,5 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар 22,1 млн доллар болгон.

2025-жылдын декабрь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 21,7 млн долларды түздү.

Анын 19,2 млн доллар КМШ өлкөлөрүнө, 2,5 млн доллар алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.


Тектеш материалды окуу