
Жарыяланган
2026-08-10, 15:31Кыргызстанда 2026-жылдын 1-январына карата 315 базар иштейт деп көрсөтүлгөн. Бул бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 17 базарга же 5.1%га аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-январына карата өлкөдө 332 базар болгон.
Азыркы базарлардын 272си азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды сатат. 33 базарда мал, канаттуу жана тоют сатылат. Ал эми 10 базар автоунаа жана тетиктерди сатууга адистешкен.
Базарлардын эң көбү Ош облусунда — 71. Бишкекте 64, Жалал-Абад облусунда 62 базар бар. Чүйдө — 31, Баткенде — 29, Нарында — 20, Ысык-Көлдө — 13, Ош шаарында — 13, Таласта 12 базар иштейт.
Ош облусу, Бишкек жана Жалал-Абад облусунда жалпы 197 базар бар.
