
Жарыяланган
2026-26-10, 13:38Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу мезгили башталат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Мындай чечим аба ырайынын суукташы жана электр тармактарына түшкөн жүктү азайтуу максатында кабыл алынды. Анткени күн сууктаганда үйлөрдү жана социалдык мекемелерди жылытуу үчүн электр энергиясын колдонуу көбөйөт.
Мэрия жылуулук берүү башталганда убактылуу ыңгайсыздыктар болушу мүмкүн экенин эскертип, шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Эске салсак, эрежеге ылайык, абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градус же андан төмөн болгондо жылытуу мезгили башталат.
