
Жарыяланган
2026-09-10, 11:04Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мэриянын артында жайгашкан имараттын үч кабатын бузуп, тоолордун көрүнүшүн ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал экологиялык кеңештин жыйынында айтты.
Анын маалыматына караганда, шаар бийлиги курулуш компаниясы менен бир нече айдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Мындай кадам тоолордун көрүнүшүн тосуп турган тоскоолдукту жоюуга мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда мэр имарат жеке менчикте болгондуктан, шаар бийлиги аны өз алдынча бузуу чечимин кабыл ала албасын белгиледи.
Имараттын эки ээси бар. Учурда алар өз ара макулдашууга келиши керек. Мэрия долбоордун бир бөлүгүн башка аймакка көчүрүү мүмкүнчүлүгүн да сунуштап жатат. Бирок азырынча акыркы чечим кабыл алына элек.



