akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-05-05, 16:48

    Бишкек шаарынан башка кайсы облуста орточо айлык 40 миң сомдон ашат?

    Кыргызстанда январь-февраль айларында орточо номиналдык айлык (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 39 миң 456 сомду же 451,6 долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

    Орточо номиналдык маяна былтыркы жылдын эки айына салыштырмалуу 17,8%га өскөн.  Ал эми реалдуу айлык акы 10.2%га көбөйгөн. 

    Аймактар боюнча алып караганда эң көп айлыкты Бишкекте иштегендер алат. Борбор калаада орточо маяна 49 миң 309 сомду түзөт. Экинчи орунда Ысык-Көлдө турат. Ал жакта орточо айлык 44 миң 886 миң сомго жетет.

    Талас облусунда орточо маяна 38 миң 852 сомду, Нарын облусунда – 37 миң 899, Жалал-Абад облусунда – 32 миң 391, Ош шаарында – 31 миң 685, Чүй облусунда – 31 миң 260, Баткен облусунда – 29 миң 109 жана Ош облусунда 25 миң 603 сомду түзөт.  

    Номиналдык жана реалдуу айлык акынын айырмасы эмнеде?

    Номиналдык айлык акы — сиз жумушта белгилүү бир убакыт ичинде иштеп тапкан акчаңыздын суммасы. Ал эми реалдуу айлык акы сиз ошол номиналдык маянага былтыркыга караганда канча азык-түлүк, кызмат сатып аларыңызды көрсөтүп турат. 

    Мисалы, былтыр сиздин колго алган айлыгыңыз 30 миң сом болгон дейли. Ага былтыр бир куржун азык-түлүк ала алчусуңуз. Быйыл маянаңыз 35 миң сом болду. Бирок баалар көтөрүлгөнүнө байланыштуу сиз ошол акчага былтыркыдай эле бир куржун азык-түлүк алып жатсаңыз, демек маянаңызга 5000 деген сан кошулганы эле болбосо, реалдуу айлык өстү деп эсептелбейт. 


    Тектеш материалды окуу