Akchabarsearch
Бишкекте 2018-жылдан бери бүтпөй турган үйдү үлүшчүлөр өздөрү бүтүрүүнү пландашууда

Жарыяланган

2026-02-11, 12:16

Бишкекте 2018-жылдан бери бүтпөй турган үйдү үлүшчүлөр өздөрү бүтүрүүнү пландашууда

Бишкектеги Жибек Жолу көчөсүнүн №295 жана №297 даректеринде жайгашкан, 2018-жылдан бери курулушу бүтпөй турган көп кабаттуу үйдү 100гө жакын үлүшчү өз күчү менен куруп бүтүрүүнү пландап жатат.

Бул маселе боюнча курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев үлүшчүлөр менен жолугушту.

Үлүшчүлөрдүн айтымында, курулушту өздөрү бүтүрүү үчүн мыйзамга ылайык тиешелүү документтерди тариздөө зарыл. Алар бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып, министрге кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мекемелердин жетекчилерине документтерди тариздөө иштерин тездетүү, үлүшчүлөргө укуктук жардам көрсөтүү жана курулушту аяктоо маселелерин чечүү тапшырылды.

Мындан тышкары, курулуштун токтоп калышына күнөөлүү компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу жана аны кара тизмеге киргизүү пландалууда.

Министр бардык маселелер мыйзам чегинде чечилип, үлүшчүлөрдүн укуктары жана кызыкчылыктары корголушу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган үйдүн курулушун 2018-жылы «Эксперт Строй» ЖЧКсы баштаган. Бирок кийин курулуш иштери токтоп калган.