Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-05-09, 15:15

Бишкекте 80 млн сомго №1 клиникалык ооруканасынын кошумча имараты курулат

Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасында терапия бөлүмү курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Курулушту келерки жылдын сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда.

Объекттин сметалык баасы 80 млн сомду түзөт. 

Долбоорду толугу менен “Ас-Сафа Центр” бейөкмөт уюму каржылайт. Курулуш иштери аяктагандан кийин зарыл болгон эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу жабдуулар да жеткирилет. 
 


Тектеш материалды окуу