Akchabarsearch
Бишкекте абанын сапатын өлчөөчү 50 датчик орнотулду

Жарыяланган

2026-28-10, 18:01

Бишкекте абанын сапатын өлчөөчү 50 датчик орнотулду

Бишкек шаарында атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча абанын сапатын көзөмөлдөөчү 14 стационардык жана бир автоматташтырылган станция иштейт.

Датчиктерден алынган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга, анын ичинде Жаратылыш ресурстары министрлигине жана Бишкек мэриясына жөнөтүлүп турат.

Абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин расмий сайтындагы картадан онлайн көрүүгө болот. Анда абанын булгануу көрсөткүчтөрү жана акыркы 24 сааттагы зыяндуу заттардын концентрациясы берилет.


Тектеш материалды окуу