Akchabarsearch
Бишкекте акциздик маркасы жок 13 миңден ашык суусундук аныкталды

Жарыяланган

2026-28-01, 16:33

Бишкекте акциздик маркасы жок 13 миңден ашык суусундук аныкталды

Бишкек шаарында акциздик маркасы жок продукцияларды сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13 миңге жакын акциздик маркасы жок кант камтыган, энергетикалык жана алкоголдук ичимдиктер табылган.

Бул факты боюнча жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, маркасы жок акциздик продукцияларды сатуу үчүн жоопкерчилик чаралары каралган: 200 даанага чейин сатууда — 100 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200дөн ашык санда сатууда — 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Салык кызматы ишкерлерди акциздик маркасы жок  продукцияларды сатпоого, ошондой эле маркалардын аныктыгын жана талаптарга шайкештигин кылдат текшерүүгө чакырат.


Тектеш материалды окуу