Akchabarsearch
Бишкекте автобус айдоочусу болуп жумушка жаңы киргендер 210 саатка чейин стажировкадан өтүшөт

Жарыяланган

2026-03-11, 17:37

Бишкекте автобус айдоочусу болуп жумушка жаңы киргендер 210 саатка чейин стажировкадан өтүшөт

Бишкекте автобус айдоочусу болуп жумушка жаңы киргендер 210 саатка чейин стажировкадан өтүшөт. Бул күнүнө сегиз сааттан эсептегенде 28 күнгө жакын убакытты түзөт. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын экинчи автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев «Элден собол» берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, стажировканын узактыгы айдоочунун тажрыйбасына жараша аныкталат. Тажрыйбасы аз жана ишканага биринчи жолу келгендер 210 саатка чейин даярдыктан өтсө, тажрыйбалуу айдоочулар үчүн бул убакыт 140–172 саатка чейин кыскартылат.

Жумушка орношуу үчүн талапкерлер алгач керектүү документтерди тапшырышы керек. Алар:

•    D категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
•    083 формасындагы медициналык маалымкат;
•    ИИМден соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
•    Наркологиялык каттоодо турбагандыгы тууралуу маалымкат;
•    Психикалык саламаттыгы боюнча маалымкат;
•    Газ менен иштеген автобустарды башкарууга уруксат;
•    Аскердик билет (52 жашка чейинки талапкерлер үчүн).

Документтери толук талапкерлер 20 суроодон турган теориялык сынак тапшырышат. Анда экиден ашык ката кетиргендер кайра даярданууга жөнөтүлөт.

Ал эми теориялык сынактан өткөндөр алгач автобазада насаатчылардын көзөмөлүндө автобус айдап үйрөнүшөт. Андан соң шаар көчөлөрүндө практикалык даярдыктан өтүшөт.

Стажировкасын ийгиликтүү аяктаган айдоочулар өз алдынча каттамга чыга башташат.


Тектеш материалды окуу