Жарыяланган
2025-10-02, 10:55Бишкекте аялдар башка аймактагыларга салыштырмалуу 2-3 эсе аз төрөшөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө төрөт коэффициенти 2,71дин чегинде.
Башкача айтканда, 100 аялга 271 төрөт туура келет. Эң жогорку көрсөткүч Баткен облусунда. Андан кийин Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Талас облустары турат.
Эң төмөнкү көрсөткүч — Бишкекте.