Жарыяланган
2025-05-05, 10:48Бишкекте KFC ресторандарынын бирине 65 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда борбор калаадагы айланма жол менен ГЭС-5ке кеткен жолдун кесилишинде жайгашкан KFC ресторанынан чыккан саркынды суунун септиги убагында чыгарылбай, ашып-ташып кеткендиги аныкталган.
Жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 237-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, мекемеге 65 миң сом айып пул салынган. Аны менен бирге септик инспекторлордун көзүнчө тазаланган.