
Жарыяланган
2026-04-08, 11:44Кыргызстанда 31-июлга карата кой этинин орточо баасы 810 сом болду. Бул тууралуу Монополияга каршы кызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, эң кымбат кой эти Бишкек шаарында сатылууда. Борбор калаада анын орточо баасы 900 сомду түздү.
Аймактар боюнча баалар төмөнкүдөй:
• Жалал-Абад облусунда — 830 сом;
• Нарын жана Талас облустарында — 815 сом;
• Баткен облусунда — 800 сом;
• Каракол шаарында — 790 сом;
• Токмок шаарында — 780 сом;
• Ош шаарында — 755 сом.
Ал эми уй этинин өлкө боюнча орточо баасы 774 сом деп белгиленди.
Уй этинин эң жогорку баасы Нарын облусунда катталып, 815 сомду түздү. Жалал-Абадда орточо баа 800 сом, Бишкекте 795 сом, Таласта 775 сом, Токмок жана Ош шаарларында 755 сом болду.
Эң арзан уй эти Баткен жана Каракол шаарларында катталып, анын орточо баасы 750 сомду түздү.
